БӨЛҮМ III: «Санариптик куралдар»
Компьютерди жашообузда туура максатта колдонолу
Урматтуу окурманым, сизди китебимдин ушул бетине чейин жеткениңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул китептеги саякатка окурмандар санарип дүйнөсү деген эмне экенин бир азда болсо үйрөндү, компьютердин кандай негизги бөлүктөрдөн тураарын билди, hardware менен software'дин айырмасын түшүндү, программалар, коддор, интернет жана булут кызматы тууралуу дагы пайдалуу маалыматтарды алдыңар деп үмүттөнөм.
Эми болсо китебибиздин ушул барагынан тарта, санариптик сабаттуулукту компьютер аркылуу чыныгы жашоодо пайдалана баштооңорду сунуштайм.
Бирок ага чейин бир абдан маанилүү көндүмдү өздөштүрүшүбүз керек.
⌨️ Эң күчтүү программисттердин дагы биринчи куралы
Көптөр эң башкы нерсе программалоону билүү деп ойлошот.
Чындыгында болсо программисттердин, мугалимдердин, илимпоздордун, дарыгерлердин, журналисттердин жана дээрлик бардык адистердин биринчи куралы — клавиатурада тез жана так тере билүү жөндөмү деп айткым келет.
Эгер клавиатураны ишенимдүү колдонсок, ойлорубузду тезирээк жазсак, окуудагы же жумуштагы тапшырмаларды жеңилирээк бүтүрөбүз жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө көбүрөөк убакыт табабыз.
Ошондуктан, балдар, бүгүн мен силерге дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар колдонгон эң мыкты платформалардын бирин сунуштагым келет.
🌍 Typing.com
Бул сайт менин да эң жакшы көргөн платформаларымдын бири.
Эмне үчүн? Анткени ал:
- 🎮 Оюн сыяктуу кызыктуу.
- 📈 Ар бир сабакты акырындап татаалдатат.
- ✅ Каталарыбызды дароо көрсөтөт.
- ⚡ Ылдамдыгыбызды өлчөйт.
- ⌨️ Ар бир тамганы, тыныш белгилерин жана сандарды клавиатурада туура басууну үйрөтөт.
- 🏆 Жетишкендиктерибиз үчүн быйтыкча сыйлыктарын берет.
- 📜 Бардык деңгээлдерди ийгиликтүү аяктаганда бекер сертификат дагы ала алабыз.
Typing.com үч негизги деңгээлден турат. Ар бир деңгээл мурунку деңгээлдин үстүндө курулган. Ошондуктан аларды өткөрүп жибербегиле, макулбу? Ар бир сабакты кылдаттык менен аягына чейин бүтүргүлө. Силер аны алгач баштаган күндөрү өтө жай теришиңер мүмкүн. Бирок бир нече жумадан кийин өзүңөрдүн канчалык өзгөргөнүңөргө өзүңөр суктанышыңар толук мүмкүн.
Менимче клавиатурада тез терүү — жөн гана ылдамдык эмес. Ал келечектеги бардык санариптик көндүмдөрдүн пайдубалы.
💡 Эмне үчүн мен бул көндүмдү сунуштайм?
Анткени алдыда биз дагы көп кызыктуу иштерди жасайбыз.
Биз электрондук кат жазабыз.
Документтерди даярдайбыз.
Презентацияларды түзөбүз.
Өзүбүздүн чакан долбоорлорубузду жасайбыз.
Эгер силер клавиатурада тез жана так терүүнү үйрөнсөңөр, бул тапшырмалардын баарын аткарууда бир топ жеңил болот.
Кымбаттуу балдар, мен китебибиздин калган уландысын Typing.com'дун жок дегенде 1-деңгээлин ийгиликтүү бүтүрүп, андан соң гана улантууңарды сунуштайм.
Антпесе, клавиатурада жазганды билбесеңер, силерге китептин маңызын жана пайдасын толук сезүү кыйыныраак болот деп ойлойм.
⌨️ Клавиатурада тез жана туура тере билүү — силер үйрөнө турган эң пайдалуу санариптик көндүмдөрдүн бири.
📧 Биринчи Gmail аккаунтуңар
Typing.com боюнча алгачкы сабактарды бүтүргөндөн кийин, эми өз Gmail аккаунтуңарды түзүүгө даярсыңар деп эсептейм.
Эгер жашыңар кичине болсо, бул ишти ата-энеңердин, эже-байкеңердин же мугалимиңердин жардамы менен жасагыла деп сунуштайм.
Gmail — жөн гана электрондук почта эмес.
Ал баарыбызга Google'дун көптөгөн пайдалуу кызматтарын ачып берет.
Мисалы:
- 📄 Google Docs
- 📁 Google Drive
- 📊 Google Sheets
- 📽️ Google Slides
- 🏫 Google Classroom
Булардын баарын кийинчерээк дагы үйрөнөбүз.
✉️ Мага биринчи катыңарды жөнөткүлө!
Gmail аккаунтуңар даяр болгондон кийин, менин силерге бир кичинекей өтүнүчүм бар.
Мага биринчи электрондук катыңарды жөнөткүлө, жарайбы?
Өзүңөр жөнүндө бир аз жазгыла.
Мисалы:
- 😊 Атың ким?
- 🎂 Канча жаштасың?
- 🏫 Кайсы мектепте окуйсуң?
- 📚 Бул китептен эмнени жактырдың?
- 🌟 Келечекте ким болгуң келет?
Эң негизгиси — катты өзүңөр жазууга аракет кылгыла.
Ката кетирүүдөн коркпогула.
Ар бир мыкты жазуучу дагы биринчи катын дал ушундай баштаса керек деп ойлойм.
💌 Биринчи электрондук катыңар — санариптик дүйнөдөгү биринчи чоң кадамыңар.
Баса, балдар, Gmail аккаунтун кантип түзүү керек экенин Activity 2 баскычынан издегиле.
Ал жакта видео сабактарды силер үчүн даярдап койдум.
📝 Google Docs менен таанышалы
Ал эми азыр, балдар дагы бир баарыбызга жаш-кары дебей пайдалуу программаны үйрөнөбүз.
Анын аты — Google Docs.
Google Docs кадимки дептерге окшош.
Бирок ал интернетте сакталат.
Интернетиңер болсо эле, бул программадагы документтериңерди каалаган жерден ача аласыңар.
Өзгөртө аласыңар.
Сүрөттөрдү кошо аласыңар.
Тексттерди кооздой аласыңар.
Жана эң кызыгы — башка адамдар менен мындай документтерди бөлүшө аласыңар, ал документте бирге иштегенге болот, кыскасы дил баян, эсселериңерди, дегеле баардык иш кагаздарын ушул программа аркылуу жазсаңар абдан мыкты программа.
🌟 Биринчи чыгармачылык тапшырма
Google Docs'тан жаңы документ ачкыла.
Темасы:
«Менин кыялым»
Же болбосо
«Келечекте ким болгум келет?»
5–10 сүйлөм жазгыла.
Сабактардан үйрөнгөндөй тез жана туура терүүгө аракет кылгыла.
Андан кийин документти Editor укугу менен мени менен бөлүшкүлө.
Ошондо мен силердин эмгегиңерди окуп, таанышып, сунуштарымды жазып берем, сүйлөштүкпү?
Балким, силердин биринчи чыгармаңар кийинки мыкты китептин башталышы болуп калат, ким билет ….
🌟 Эмгек жана кыял жөнүндө эки чыныгы окуя
Балдар мен ушул жашка чыкканга чейинки жашоомдо ийгилик көбүнчө таланттан эмес, үзгүлтүксүз эмгектен башталаарын башымдан өткөрдүм.
Келгиле анда мени абдан шыктандырган инсандардын арасындагы эки жаратман адамдар тууралуу ушул китептин бөлүгүндө айта кетейинчи:
💙 Билл Гейтс
Билл Гейтс Microsoft компаниясын түзгөндө жап жаш кези болгон экен.
Ал компьютерлер адамдардын жашоосун абдан өзгөртөөрүнө бекем ишениптир.
Өзүнүн маектеринде ал жаш кезинде билимге, ишке өтө көп убакыт арнаганын жана дем алыштары дээрлик болбогонун айткан. (Business Insider)
Бул инсандын зор эмгеги бизге “ Чоң кыялдар чоң эмгекти талап кылат” деген нерсени далилдеп тургандай сезилет.
Microsoft Officeти ким гана колдонбойт, туурабы?
Анын Word программасы эле эмне деген керемет.
Балдар, силер дагы чоң - чоң кыялданасыңарбы?
❤️ Сундар Пичай
Google компаниясынын башкы директору Сундар Пичай Индиядагы жөнөкөй үй-бүлөдө чоңойгон.
Ал Стэнфорд университетине окууга чакыруу алганда, анын атасы уулунун билим алышы үчүн чоң курмандыкка барганы айтылат.
Сундар Пичай өзү атасы аны Америкага жөнөтүү үчүн учак билетине бир жылдык маянасына тете акча коротконун айтып берген. (Hindustan Times)
Сундар ошол мүмкүнчүлүктү текке кетирген жок.
Ал көп окуп, талбай эмгектенип, кийин дүйнөдөгү эң чоң технологиялык компаниялардын бирине жетекчи болду.
Мына азыр баарыбыз анын эмгегинин колдонуучусу болуп отурабыз.
Балдар мейли биз кандай үй-бүлөдө төрөлүп-өспөйлү, келгиле билим алууга умтулалычы.
Мейли кээ бирибиз, Билл Гейтстин ата-энесиндей ар тараптан жетишкен болсун, Сундардын атасындай колдоосун аябай берсин же таптакыр карапайым болушсун, азыр интернет, телефондор баарыбызга тил десе тил, математика, программмалоо, дегеле койчу дээрдик бүт илимди үйрөнүүгө мурда болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди го, келгиле кыргыз балдары дагы илимпоз, жаратман бололучу.
💛 Эсиңерде болсун
Балким, бүгүн силер клавиатурада жай терип жаткандырсыңар.
Балким, кээде көп ката кетирип жаткандырсыңар.
Ошондой болсо, демек силер үйрөнүп жатасыңар.
Катасыз үйрөнүү деген нерсе болбойт.
Ар бир жаңы билимди кайра-кайра кайталоо гана бизди ийгиликке жеткирет.
Ошондуктан кайталоо үйрөнүүнүн энеси деп бекер айтышпайт.