Ойлорубузду тартипке келтирели — Google Sheets менен таанышалы
📊 Маалыматтарды (Data) иреттөө эмне үчүн керек?
Балдар, силер буга чейин Gmail аркылуу биринчи электрондук катыңарды жөнөттүңөр. Google Docs аркылуу биринчи документиңерди да жазып көрдүңөр, туурабы?
Бул бөлүмдөн баштап биз дагы бир абдан кызыктуу дүйнөгө саякат жасайбыз. Ал дүйнө маалыматтар дүйнөсү деп аталат.
Балким, силер акыркы жылдары интернеттен же социалдык тармактардан Data Entry Specialist, Data Analyst, Data Scientist же Data Engineer деген кесиптерди көргөн чыгарсыңар.
Балким, өзүңөргө мындай суроо бергендирсиңер:
«Эмнеге азыр маалымат (data) менен иштеген адистер ушунчалык көп керек болуп калды?»
Бул суроонун жообу абдан жөнөкөй.
Анткени азыркы жашоодо маалымат мурда болуп көрбөгөндөй көп.
Күн сайын дүйнө жүзүндөгү адамдар интернетке миллиондогон сүрөттөрдү, видеолорду, билдирүүлөрдү жана документтерди жүктөшөт.
Банктар аркылуу миллиондогон адамдар акча которушат.
Дүкөндөрдө адамдар күн сайын миңдеген буюмдарды сатып алышат.
Авиакомпаниялар миллиондогон жүргүнчүлөргө билет сатышат.
Ооруканалар бейтаптар тууралуу маалыматтарды сакташат.
Мектептерде окуучулардын жетишкендиктери жазылып турат.
Эгер ушул маалыматтардын баары иреттелбесе эмне болмок деп ойлойсуңар?
- Балким бирөөнүн учакка билети жоголуп кетмек.
- Же банктагы акча туура эмес эсептелмек.
- Же ооруканада бейтаптын анализдери алмашып кетмек.
- Же мектепте окуучунун баалары жаңылыш жазылып калмак.
Ошондуктан маалыматтарды туура сактоо, жаңыртуу жана иреттөө бүгүнкү күндө эң маанилүү иштердин бири болуп калды.
👩💻 Менин маалыматтар дүйнөсүндөгү чакан жумушум
Мен акыркы 2 айдан бери Data Entry жумушунда иш алып баруудамын. Менин негизги жумушум — маалыматтарды компьютерге так жана кылдаттык менен киргизүү жана аларды дайыма жаңыртып туруу. Биз иштеген маалыматтар жеке адамдардын маалыматтары болгондуктан, аларды башка адамдарга көрсөтүүгө болбойт.
Бирок силерге мисал катары мындай деп айта алам.
Учурда биздин компанияда, жумушчулардын аты-жөнүн, туулган күнүн, жашын же жумушуна байланыштуу керектүү маалыматтарды OneDrive маалымат базасына киргизип, алардын жаңыртылганын текшеребиз.
Бул иш өтө кылдаттыкты талап кылат. Анткени бир эле кичинекей ката кийин чоң көйгөй жаратышы мүмкүн.
💡 Маалымат деген эмне?
Балдар, келгиле дагы бир жолу маалымат (data) деген эмне экендигин бышыктайлы. Төмөндөгү кыздарым менен болгон маекти окусаңар бул терминди жакшылап түшүнсүңөр деген үмүттөмүн.
Кызым Арууке:
— Апа, маалымат деген эмне? - деп сурады
Мен ага:
— Кел, экөөбүз өзүң жөнүндө сүйлөшөлү.
— Сенин атың ким?
— Арууке.
— Канча жаштасың?
— Сегиздемин.
— Кайсы мектепте окуйсуң?
Ал мектептин атын айтты.
— Сүйүктүү сабагың кайсы?
— Математика.
— Көрдүңбү? Сен азыр мага өзүң тууралуу төрт маалымат айтып бердиң.
- Атың
- Жашың
- Мектебиң
- Сүйүктүү сабагың
Булардын ар бири маалымат, ал эми англис тилинде data деп аталат.
Айбийке сүйүнүп кетти.
— Демек, маалымат деген сөз сөзсүз эле сан эмес турбайбы!
— Абдан туура.
Маалымат кээде сандар, кээде сөз, кээде сүрөт, кээде үн, кээде видео форматында болот.
Компьютер ушулардын баарын сактай алат.
🌟 Эмне үчүн маалыматты иреттөө керек?
Элестетип көргүлөчү.
Эгер китепканада бардык китептер аралашып жатса, керектүү китепти табуу оңой болмок беле?
— Жок!
Эгер мектептеги бардык окуучулардын күндөлүктөрү аралашып калсачы?
— Анда эч ким өз баасын таба албай калмак!
— Дал ошондой.
Компьютердеги маалыматтар дагы тартипте болушу керек.
Ошондуктан дүйнөнүн бардык чоң компаниялары маалыматтарды таблицалар аркылуу уюштурушат.
Мындай иштерде эң көп колдонулган программалардын бири — Google Sheets.
— Келгиле, эми ушул программа менен жакындан таанышалы!
Activity1 баскычын ачып мен берген көрсөтмөлөрдү аткарсаңар, Google Sheets ти мыктылап өздөштүрөсүңөр.