Кириш сөз
Дубай, Академия шаары. 2025-жылдын декабрь айы.
Биз үй-бүлөбүз менен бир бөлмөдө ар ким өз иши менен алек болуп отурганбыз. Мен Бирмингем Университетинин Дубай кампусундагы Компьютер системалары курсу боюнча экзаменге даярданып, «1010101000011111…» деген сандар менен бинардык эсептөөлөрдү чыгарып жаттым. Кыздарым Арууке менен Айбийке барактардан өздөрүнө планшет жасап, аларды кооздоп жатышты.
Кеч кирди. Адатта кыздарым уктаар маалында жомок же ар түрдүү аңгемелерди угуп уктаганды жактырышат. Ошол түнү аларга компьютер кантип иштей турганын жөнөкөй балдардын тили менен түшүндүрүп берүүнү туура көрдүм. Ошентип аңгемемди жаңы эле баштаганда, улуу кызым Арууке барагын көтөрүп келип:
«Апа, кечке бир нерселерди эсептедиңиз го… мага да үйрөтүңүзчү!»
— деп өзгөчө кызыгуу менен карады. Мен анын атын компьютердин тилинде — 1 жана 0 менен жазып, кантип эсептелээрин түшүндүрүүгө аракет кылдым. Арууке ар бир белгинин сырын түшүнгүсү келип, кунт коюп карап турду…
Ошол кичинекей, бирок унутулгус үй-бүлөлүк учур — бул китептин мазмунун жаратууга себеп болду.
Эмне үчүн бул китепти жаздым?
Бүгүнкү күндө, заманыбыздын агымына ылайык, балдар технология менен абдан эрте куракта таанышууда. Алар сүйлөгөндү толук үйрөнө электе эле экранды манжасы менен жылдырып, видеолорду ачканды, сүрөттү чоңойтуп-кичирейткенди, оюнду иштеткенди тез эле өздөштүрүп жатышат.
Бирок санарип тармактын адиси катары, балдарыбыз телефонду колдонуп видео көрүп, оюн ойносо — алар санариптик сабаттуулукка толук ээ болду дегенди билдирбейт деп айткым келет.
Бала телефон аркылуу видео көрө алышы мүмкүн, бирок:
- кайсы маалыматка ишенсе болорун билбеши;
- жеке маалыматын кантип коргоону түшүнбөшү;
- интернеттеги бейтааныш адамдын зыяндуулугун байкабашы;
- жасалма интеллект берген жооптун туура же туура эмес экенин текшербеши мүмкүн.
Санай берсек, технологияга байланыштуу балдарыбызга үйрөтүлө турган нерселер абдан көп. Муну мен эки кыздын энеси катары күн сайын өз жашоомдон көрүп келем.
Мен бул китепти эки кыздын энеси жана маалыматтык технологиялар тармагында билим алган адис катары жаздым.
Мен да көптөгөн ата-энелер сыяктуу эле төмөнкү суроолордун үстүндө көп ойлоном:
- Кыздарыма телефон качан алып беришим керек?
- Кыздарым экран алдында күнүнө канча убакыт отурууга болот?
- Кандай оюндар аларга пайдалуу же зыяндуу?
- Интернеттен табылган маалыматтын чын экенин кыздарыма кантип үйрөтөм?
- ChatGPT сыяктуу жасалма интеллектти алар кантип туура колдонушу керек?
- Технологияны баланын убактысын уурдаган нерсеге эмес, анын келечегин куруучу куралга кантип айландырабыз?
Туура, коомдо бул суроолордун айланасында ар кандай талкуулар болуп келет. Бирок чындап эле бардык жагдайга туура келген так жоопту табуу оңой эмес.
Телефон, компьютер жана интернет аркылуу жаңы тил үйрөнүп, китеп окуп, документ даярдап, сүрөт тартып, алыстагы жакындарыбызга акча которуп, программа түзүп же дүйнөнүн башка бурчундагы адамдар менен байланышсак — технология адам үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Бирок ошол эле түзмөктөрдү балдар максатсыз колдонуп, сааттап туш келди видеолорду көрүп, пайдасыз оюндарга убакыт коротуп отурса, алардын келечеги кандай болот деп кээде терең ойлонуп кетем.
Бул китеп кимдер үчүн?
Бул китеп биринчи кезекте санариптик дүйнөгө кадам таштап жаткан жаш балдар үчүн жазылды.
Ошондой эле:
- баласына технологияны туура үйрөтүүнү каалаган ата-энелерге;
- санариптик сабаттуулук боюнча сабак даярдаган мугалимдерге;
- кыргыз жана англис тилдерин бирге өнүктүрүүнү каалаган окуучуларга;
- компьютер менен жаңыдан таанышып жаткан бардык окурмандарга арналды.
Айрым бөлүмдөрдү кичинекей балдар ата-энеси же мугалими менен бирге окуганда гана толук түшүнүшү мүмкүн. Улуураак балдар болсо китептеги тапшырмалардын көбүн өз алдынча аткара алышат деген үмүттөмүн.
Бул китепте маалыматтарды жаттап алуу талап кылынбайт. Суроо берүү, изилдөө, ката кетирүү, кайра аракет кылуу жана үйрөнүүнү улантуу — санариптик саякатыбыздын башкы максаты.
Ыраазычылык
Бул китеп Кыргыз Республикасынын «Эл-Үмүтү» президенттик стипендиясынын колдоосу менен Бирмингем университетинин Дубай кампусунда окуган магистрдик программамдын алкагында иштелип чыкты.
Долбоордун өнүгүшүнө билими, кеңеши, чыгармачылыгы жана колдоосу менен салым кошкон инсандарга терең ыраазычылык билдирем.
Өзгөчө төмөнкү адамдарга ыраазычылык билдирем:
- илимий жетекчим, профессор Абдул Вахидге;
- Расул Абазбек уулуна;
- Flutter инженери Валеед Аршадга;
- апам, этно-дизайнер Батийна Мусаевага;
- мазмунду редакциялоого көмөк көрсөткөн адистерге;
- долбоордун ар бир баскычында мени колдогон үй-бүлөмө.
Китеп тууралуу ой-пикир жана сунуштарыңызды төмөнкү электрондук дарек аркылуу жөнөтсөңүздөр болот:
profaitbubudevops@gmail.com
Кымбаттуу балдар, ата-энелер жана мугалимдер!
Алдыда бизди кызыктуу суроолор, пайдалуу көндүмдөр, чакан оюндар, чыгармачыл тапшырмалар жана санариптик сабаттуулукка арналган кызыктуу саякат күтүп турат.
Анда, урматтуу окурмандар, келиңиздер, санарип ааламга болгон саякатыбызды чогуу баштайлы… 🌍✨