Санариптик дүйнөнүн сыры: «Санарип» деген эмне?
Кымбаттуу балдар, өткөн бөлүмдө биз санариптик дүйнө, андагы смартфондор, компьютерлер, электрондук күндөлүктөр жана күн сайын колдонгон ар кандай маалыматтык технологиялар тууралуу сүйлөшкөнбүз.
Баса, бул китептин кириш сөзүндө кызым Аруукенин компьютерлердин 0 менен 1 аркылуу иштей турганы тууралуу кызыгып сураган окуясын кыскача айтып өткөм. Эсиңердеби?
Ошондо ал мага мындай суроо берген:
— Апа, компьютер чын эле 0 менен 1ди гана түшүнөбү?
Мен ага:
— Ооба, кызым. Компьютердин эң негизги тили 0 менен 1ден турат.
Арууке таң калып дагы бир суроо узаткан:
— Анда компьютер менин атымды кантип билет? Менин атымда 0 менен 1 жок да!
Бул суроо мага абдан жаккан. Анткени дал ушул суроо санариптик дүйнөнүн эң негизги сырларынын бирин түшүнүүгө жардам берет.
🔢 «Санарип» деген эмне?
«Санарип» деген сөз сандар менен байланыштуу түшүнүк.
Биз күн сайын сандарды ар кандай максатта колдонобуз.
1, 2, 3, 4, 5...
Мисалы:
- 🎂 Жашыбызды айтабыз.
- 📞 Телефон номерлерин теребиз.
- ⏰ Убакытты карайбыз.
- 💰 Акча эсептейбиз.
Компьютерлер дагы бардык маалыматтарды сандар аркылуу кабыл алып, сактап жана иштетишет.
Ошондуктан «санарип» деген сөздүн эң жөнөкөй мааниси:
"Ар кандай маалыматтарды сандар аркылуу көрсөтүү, сактоо жана иштетүү процесси" дегенди билдирет.
Башкача айтканда, компьютер үчүн сүрөттөр дагы, үндөр дагы, видеолор дагы, тексттер дагы акырында сандарга, тактап айтканда бинардык сандарга айланат. Ал эми компьютердин эң төмөнкү деңгээлинде (бул түшүнүктү кийинчерээк айтып берем) бул сандар болгону эки гана белги аркылуу көрсөтүлөт:
0 жана 1
Ошондуктан бүгүнкү күндө санариптик технологиялар деген терминди көп колдонобуз.
Балдар, эгер байкаган болсоңор, бул китеп дагы «Санарип ааламга саякат» деп аталат.
Демек, бул китеп аркылуу биз санариптик дүйнөнүн эшигин ачып, сандардын кызыктуу ааламына саякат жасайбыз.
💻 Компьютер деген эмне?
Көпчүлүк балдар «компьютер» дегенде чоң экрандуу ноутбукту же стол үстүндөгү компьютерди элестетишет.
Бирок чындыгында компьютерлер ар кандай формада болот.
Биз аларды күн сайын колдонсок дагы, көп учурда алардын дагы "компьютер" экенин байкай бербейбиз.
Мисалы:
- 📱 Смартфон, Акылдуу саат, Акылдуу сыналгы — сыяктуу санарип технологиялар дагы компьютер болуп саналат.
- 💳 Банкомат — бул дагы компьютердик система.
- 🚗 Айрым заманбап унаалардын ичинде дагы бир нече компьютерлер иштейт.
Демек, компьютер — бул маалыматтарды кабыл алып, иштетип, сактап жана алардын негизинде жыйынтык чыгара алган электрондук түзмөк.
Ошондуктан азыркы учурда көпчүлүгүбүз чөнтөгүбүздө кичинекей компьютер көтөрүп жүрөбүз.
Ал — смартфон.
Эми болсо компьютер эмне үчүн болгону эки гана белгини — 0 жана 1ди колдоноорун чогуу карап көрөлү.
0 менен 1 аркылуу иштеген дүйнө — бинардык система
Компьютердин ичинде миллиондогон, кээде миллиарддаган өтө кичинекей электрондук бөлүктөр бар.
Бул бөлүктөр өтө жөнөкөй принцип менен иштешет. Алар болгону эки гана абалды айырмалай алышат:
- 0 = өчүк
- 1 = күйүк
Мисалы, кадимки электр лампасын элестеткиле.
- ⚫ Өчүк
- 💡 Күйүк
Лампа бир эле учурда күйүп дагы, өчүп дагы тура албайт. Ал эки абалдын биринде гана болот.
Компьютердин ичиндеги электрондук бөлүктөр дагы дал ушундай принцип менен иштешет.
Ошондуктан компьютердин эң негизги тили болгону эки гана белгиден турат:
0 жана 1
Бул тил бинардык система деп аталат.
Бинардык система — бул болгону эки гана санды: 0 жана 1ди колдонгон сан системасы.
Компьютер бардык маалыматтарды дал ушул бинардык система аркылуу сактап жана иштетет.
💾 0 менен 1 кантип чоң маалыматка айланат?
Балдар силерде мындай суроо жаралышы толук ыктымал деп ойлойм:
— Компьютер болгону 0 менен 1ди гана түшүнсө, анда сүрөттөрдү, ырларды, мультфильмдерди жана оюндарды кантип сактайт?
Мен бул суроого төмөнкүдөй жооп берет элем:
— Бир эле 0 же бир эле 1 чоң маалыматты сактоого жетишсиз.
Ошондуктан компьютерлер миңдеген, миллиондогон, ал тургай миллиарддаган 0 менен 1ди бириктирип иштетишет.
🔹 Бит деген эмне?
Компьютердеги эң кичинекей маалымат бөлүгү бит (bit) деп аталат.
Бир бит болгону эки маанинин бирин гана көрсөтө алат.
- 0
- 1
Демек, 1 бит = бир гана 0 же бир гана 1.
📦 Байт деген эмне?
Бирок бир эле бит өтө аз маалымат сактай алат.
Ошондуктан компьютерлер биттерди топ-топ кылып колдонушат.
8 бит биригип 1 байтты (Byte) түзөт.
8 бит = 1 байт.
Бир байт көбүнчө бир тамганы сактоого жетиштүү болот.
Бирок китептерди, сүрөттөрдү же видеолорду сактоо үчүн миңдеген же миллиондогон байттар керек болот.
📚 Маалыматтын өлчөмдөрү
— Анда телефондогу миңдеген сүрөттөр кайда батат? - деп суроо пайда болдубу силерде, келгиле туура жообун карайлы.
— Элестеткиле, силердин бөлмөңөрдө оюнчуктарды сактай турган текчелер бар дейли.
Кичинекей текче болсо, ага аз оюнчук батат.
Эгер чоң текче болсо, анда ага көбүрөөк оюнчук батат туурабы?
Ошол сыяктуу эле, компьютерде дагы маалыматтарды сактоо үчүн ушундай өлчөмдөр колдонулат.
| Өлчөм | Эмнеге окшош? - Мен аларды салыштыруу мисалдары аркылуу түшүндүргүм келет: |
|---|---|
| 1 бит (bit) | ⚪ Бир кичинекей чекит деп ойлонууну сунуштайт элем. |
| 1 байт (Byte) | 🔤 Бир тамга деп элестеткиле. |
| 1 кило-байт (KB) | 📄 Бир барак текстти камтый алчу маалымат чен бирдиги деп түшүнсөк болот. |
| 1 мега-байт (MB) | 📖 Бир кичинекей сүрөттүү китеп |
| 1 гига-байт (GB) | 🎒 Миңдеген сүрөттөр же жүздөгөн ырлар |
| 1 тера-байт (TB) | 🏫 Чоң китепканадагы маалыматтар баткан маалымат көлөмү деп элестетүүңөрдү сунуштайм. |
Албетте, бул мисалдар маалыматтын так көлөмүн көрсөтпөйт. Алар болгону маалыматтын көлөмү улам чоңоюп бара жаткан салыштырууну элестетүүгө жардам берет деп айтсам туура болот.
⚪ 1 бит → 🔤 1 байт → 📄 1 KB → 📖 1 MB → 🎒 1 GB → 🏫 1 TB
Демек, телефондогу 128 GB деген сыяктуу жазуу анын ичинде абдан көп сүрөттөрдү, ырларды, видеолорду жана оюндарды сактай аларын билдирет экен деп түшүнсөңөр болот. Демек, телефон же планшетттеги эс тутумун көрсөткөн сан канчалык чоң болсо, компьютер ошончолук көп маалыматты сактай алат дегенди билдирет.
📏 Маалыматтын өлчөмдөрү бири-бири менен кандай байланышта?
Компьютерлер маалыматты бинардык система аркылуу иштеткендиктен, маалыматтын көлөмү 1000 эмес, 1024 эселеп чоңоёт.
Ошондуктан ар бир кийинки өлчөм мурункусунан 1024 эсе чоң болот.
| Өлчөм | Барабар |
|---|---|
| 1 байт (Byte) | 8 бит |
| 1 килобайт (KB) | 1 024 байт |
| 1 мегабайт (MB) | 1 024 KB |
| 1 гигабайт (GB) | 1 024 MB |
| 1 терабайт (TB) | 1 024 GB |
| 1 петабайт (PB) | 1 024 TB |
| 1 эксабайт (EB) | 1 024 PB |
| 1 зеттабайт (ZB) | 1 024 EB |
| 1 йоттабайт (YB) | 1 024 ZB |
Бул өлчөмдөрдүн баарын жаттап алуунун кереги жок.
Азырынча төмөнкү эң негизги байланышты эстеп калсаңар жетиштүү болот:
8 бит = 1 байт
1 024 байт = 1 KB
1 024 KB = 1 MB
1 024 MB = 1 GB
1 024 GB = 1 TB
Эми болсо компьютер адамдардын аттарын кантип түшүнөрүн карап көрөлү.
👩👧 Компьютер Аруукенин атын кантип «көрөт»?
Арууке мага:
— Апа, анда компьютер менин атымды 0 менен 1 аркылуу кантип жазат?
Мен:
— Адегенде компьютер ар бир тамганы санга айландырат. Андан кийин ошол сандарды өзүнүн тилине — 0 менен 1ге айландырат.
Арууке кызыгып сурады:
— Кантип?
Мен:
— Кел, муну чогуу карап көрөлү.
Биз анын атын англис тамгалары менен жаздык:
ARUUKE
Компьютерде ар бир тамганын өзүнө тиешелүү сандык коду болот.
Англис тилиндеги тамгалар үчүн эң кеңири колдонулган коддоо таблицаларынын бири ASCII деп аталат.
ASCII — бул англис тилиндеги тамгаларды, сандарды жана айрым белгилерди компьютер түшүнө турган сандык коддор аркылуу көрсөтүүчү атайын стандарттык система болуп саналат.
Мисалы:
- A = 65
- R = 82
- U = 85
- U = 85
- K = 75
- E = 69
Демек, компьютер алгач Аруукенин атын төмөнкүдөй сандар катары көрөт:
65 82 85 85 75 69
Арууке таң калды:
— Демек, компьютер үчүн менин атым сандарга айланып калат турбайбы!
Мен жооп бердим:
— Ооба. Бирок компьютер бул сандарды дагы өзүнүн негизги тилине — бинардык кодго, башкача айтканда 0 менен 1ге айландырат.
✨ «A» тамгасы компьютердин тилинде
Келгиле, Аруукенин атынын биринчи тамгасын мисал катары карап көрөлү.
A
ASCII таблицасында:
A = 65
Биз буга чейин 8 бит = 1 байт экенин үйрөнгөнбүз.
Англис тилиндеги көпчүлүк учурда бир тамганы сактоо үчүн бир байт жетиштүү болот.
Ошондуктан компьютер A тамгасын бир байттын ичинде мындайча сактайт:
01000001
Арууке таң калып сурады:
— Бир эле «A» тамгасы ушунча узун сан болуп калабы?
Мен жооп бердим:
— Ооба, кызым. Компьютер үчүн бул кадимки көрүнүш. Ал бардык тамгаларды, сүрөттөрдү, үндөрдү, видеолорду жана башка маалыматтарды ушундай жол менен 0 менен 1 аркылуу иштетет.
Башкача айтканда, сен экрандан көргөн ар бир тамга компьютердин ичинде адегенде санга, андан кийин бинардык кодго айланат.
Арууке дагы сурады:
— Демек, сүрөттөр менен видеолор дагы ушундай болуп калабы?
Мен:
— Ооба. Айырмасы алардын көлөмү гана чоңураак болот. Бир тамга үчүн бир байт жетиштүү болушу мүмкүн, ал эми бир сүрөттү же видеону сактоо үчүн миңдеген, миллиондогон, кээде миллиарддаган байттар керек болот.
Эми болсо балдар 65 саны кантип 01000001 болуп калганын кадам сайын карап көрөлү.
🧮 65 санын бинардык кодго кантип айландырабыз?
Арууке мага дагы бир кызыктуу суроо берди:
— Апа, 65 саны кантип 01000001 болуп калды?
Мен:
— Санды бинардык кодго айландыруунун бир нече жолу бар. Бирок эң жөнөкөй жана эң көп колдонулган ыкмалардын бири — санды 2ге кайра-кайра бөлүү.
Арууке кайра сурады:
— Эмне үчүн дал 2ге бөлөбүз?
Мен:
— Анткени бинардык системада болгону эки гана сан колдонулат: 0 жана 1. Ошондуктан эсептөөлөрдүн баары 2 санынын негизинде жүргүзүлөт.
Келгиле, эми 65 санын кадам сайын бинардык кодго айландырып көрөлү.
- 65 ÷ 2 = 32, калдык 1
- 32 ÷ 2 = 16, калдык 0
- 16 ÷ 2 = 8, калдык 0
- 8 ÷ 2 = 4, калдык 0
- 4 ÷ 2 = 2, калдык 0
- 2 ÷ 2 = 1, калдык 0
- 1 ÷ 2 = 0, калдык 1
Эми эң маанилүү жерине көңүл бургула.
Калдыктарды төмөндөн жогору карай окуйбуз.
Ошондо төмөнкүдөй сан чыгат:
1000001
Бирок компьютерлер англис тилиндеги тамгаларды көбүнчө 8 бит, башкача айтканда 1 байт менен көрсөтүшөт.
Ошондуктан алдына дагы бир 0 кошобуз.
01000001
Демек:
A = 65 = 01000001
Арууке кубанып кетти:
— Эми түшүндүм! 65 саны кайра-кайра 2ге бөлүнөт экен. Анан калган калдыктарды тескерисинен окуганда бинардык код пайда болот турбайбы!
Мен:
— Туура, кызым! Бул — санариптик дүйнөнүн эң негизги сырларынын бири- дедим.
Мына ушундай жол менен компьютерлер тамгаларды гана эмес, башка бардык маалыматтарды дагы өздөрүнүн тилине айландырышат.
🌍 ASCII жана Unicode деген эмне?
Балдар, дүйнө жүзүндө англис тилинен башка дагы миңдеген тилдер бар.
Ошондуктан компьютерлер дагы ар кандай тилдердеги тамгаларды туура түшүнө билиши керек.
ASCII негизи англис тилиндеги тамгаларды, сандарды жана айрым белгилерди көрсөтүү үчүн колдонулат.
Биз буга чейин англис тилиндеги A тамгасы ASCII таблицасында 65 саны менен көрсөтүлөрүн көргөнбүз.
Бирок кыргыз, орус, кытай, араб, жапон жана башка көптөгөн тилдердеги тамгаларды көрсөтүү үчүн ASCII жетишсиз болуп калат.
Ошондуктан компьютер илимпоздору дүйнөдөгү бардык негизги тилдерди колдой турган жаңы система ойлоп чыгышкан.
Ал система Unicode деп аталат.
Unicode — бул дүйнөдөгү ар кандай тилдердин тамгаларын, белгилерин жана символдорун компьютерде бирдей көрсөтүүгө мүмкүндүк берген эл аралык коддоо системасы.
Мисалы, силер өз атыңарды кыргызча жазсаңар, компьютер аны Unicode аркылуу туура түшүнөт.
Кыргыз тилиндеги айрым тамгалар англис тилиндеги тамгаларга караганда көбүрөөк орун ээлеши мүмкүн. Ошондуктан биз мурда айткандай, бардык эле тамгалар дайыма бир байт менен сакталбайт.
Ал тургай кыргыз тилиндеги Ө, Ү, Ң сыяктуу өзгөчө тамгалар дагы Unicode системасынын жардамы менен туура көрсөтүлөт.
Жада калса күн сайын колдонгон 😊 ❤️ 🌍 🚀 сыяктуу быйтыкчалар дагы Unicode системасынын бир бөлүгү болуп саналат.
Ошондуктан бүгүн дүйнө жүзүндөгү дээрлик бардык компьютерлер, телефондор жана интернет сайттары Unicode системасын колдонушат.
🧩 Эмне үчүн мунун баарын билишибиз керек?
Балким, силер азыр мындай деп ойлоп жаткандырсыңар:
— Мага 0 менен 1ди билүүнүн эмне кереги бар?
Бул абдан жакшы суроо.
Анткени санариптик дүйнөнүн эң негизги идеясы дал ушул жерде жатат.
Компьютердеги бардык маалыматтар акырында сандар аркылуу көрсөтүлөт, ал эми эң төмөнкү деңгээлде алар 0 менен 1 аркылуу сакталат жана иштетилет.
Биз бул бөлүмдө компьютердин эң кичинекей маалымат бөлүгү эмне экенин, бит менен байт деген эмне экенин, ошондой эле маалымат эмне үчүн килобайттар, мегабайттар, гигабайттар жана терабайттар менен өлчөнөрүн дагы үйрөндүк.
Эми силер телефондордо же компьютерлерде жазылган 64 GB, 128 GB же 1 TB деген сөздөрдү көрсөңөр, алардын эмнени билдирерин жакшыраак түшүнө аласыңар.
Силер оюн ойногондо, видео көргөндө, сүрөт тартканда, музыка укканда же ChatGPT сыяктуу жасалма интеллект куралдарын колдонгондо дагы, компьютер бардык маалыматтарды 0 менен 1 аркылуу иштетип жатат.
Бул сырды түшүнгөн адамдар технологияны жөн гана колдонбостон, анын ичинде эмне болуп жатканын дагы түшүнө башташат.
📝 Иш-аракет: Өз атыңды компьютердин тилине котор
Эми кезек силерде! Өзүңөрдү кичинекей программист катары элестетип көргүлө.
Төмөнкү кадамдарды аткарып, өз атыңардын компьютер үчүн кандай көрүнөрүн билип көргүлө.
-
Атыңарды англис тамгалары менен жазгыла.
Мисалы:
ARUUKE
-
ASCII таблицасынан ар бир тамганын сандык кодун тапкыла.
Мисалы:
- A = 65
- R = 82
- U = 85
-
Ар бир санды бинардык кодго айландыргыла.
Эгер кыйналып калсаңар, жогоруда үйрөнгөндөй 2ге бөлүү ыкмасын колдонгула.
Мисалы:
A = 65 = 01000001
-
Эми бүтүндөй атыңардын компьютердеги көрүнүшүн жазгыла.
Мисалы:
ARUUKE = 01000001 01010010 01010101 01010101 01001011 01000101
🌐 Иш-аракет: Кыргызча атыңды Unicode аркылуу изилде
Эми ушул эле тапшырманы кыргызча жасап көрөлү.
Атыңарды кыргыз тилинде жазгыла.
Мисалы:
Арууке
Кыргыз тилиндеги тамгалар үчүн Unicode коддорун колдонгула.
Төмөнкү тапшырмаларды аткаргыла:
- ☐ Атыңарды кыргызча жазгыла.
- ☐ Ар бир тамганын Unicode кодун тапкыла.
- ☐ Ар бир кодду бинардык көрүнүшкө айландырууга аракет кылгыла.
- ☐ Кыргызча жана англисче жазылган атыңардын компьютерде кандай айырма менен көрсөтүлөрүн салыштыргыла.
💬 Ойлонуп көрөлү
Төмөнкү суроолорго жооп берип көргүлө.
- «Санарип» деген сөздү өзүңөр кандай түшүндүңөр?
- Эмне үчүн компьютерлер 0 менен 1ди гана колдонушат?
- Бит менен байттын айырмасы эмнеде?
- Эмне үчүн маалыматтарды KB, MB, GB жана TB менен өлчөйбүз?
- Эмне үчүн смартфонду кичинекей компьютер деп айта алабыз?
- ASCII эмне үчүн керек?
- Unicode эмне үчүн керек?
- Эмне үчүн 65 саны бинардык системада 01000001 болуп жазылат?
- Өз атыңарды бинардык кодго айландыруу кызыктуу болдубу?
🎥 Дагы көбүрөөк билгиң келеби?
Бул бөлүмдө биз бинардык система тууралуу эң негизги түшүнүктөр менен гана тааныштык.
Максатыбыз — компьютерлер тамгаларды, сандарды жана башка маалыматтарды эмне үчүн жана кантип бинардык кодго айландырарын түшүнүү эле.
Ошондой эле маалымат эмне үчүн биттер, байттар, килобайттар, мегабайттар, гигабайттар жана терабайттар аркылуу өлчөнөрүн дагы үйрөндүк.
Албетте, бул тема мындан дагы абдан кеңири жана кызыктуу.
Эгер сага бул бөлүм жаккан болсо жана дагы көбүрөөк билгиң келсе, анда интернеттен бул теманы дагы изилдеп табууңарды сунуштайм.
- 🎨 Сүрөттөр компьютерде кантип сакталат?
- 🎵 Үндөр кантип санариптик форматка айланат?
- 🎬 Видеолор компьютерде кантип көрсөтүлөт?
- 🌈 Өң-түстөр бинардык код аркылуу кантип берилет?
- 💾 Файлдар компьютерде кантип сакталат?
Балким, дал ушул кызыгууң келечекте сени мыкты программист, инженер же жасалма интеллект боюнча адис кылып өстүрөр....
🚀 Кийинки бөлүмдө
Эми биз санариптик дүйнөнүн эң негизги сырларынын бири менен тааныштык.
Кийинки бөлүмдө компьютердин ичин карап чыгып, анын негизги бөлүктөрү эмне экенин жана алардын ар бири кандай кызмат аткарарын чогуу үйрөнөбүз.